Эрдогандын жан сакчылары АКШдагы Түркия элчилигинин алдына чыккан митингчилерди сабап салышты

Эрдогандын жан сакчылары АКШдагы Түркия элчилигинин алдына чыккан митингчилерди сабап салышты. Бул тууралуу 17-майда чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалым болгондой, АКШда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен АКШнын президенти Дональд Трамптын жолугушуусу өткөн. Андан кийин Түркиянын элчилигинин алдына чыккан митингчилер менен Эрдогандын тарапташтарынын ортосунда жаңжал чыккан. Митингчилер Түрк президентинин жүргүзгөн саясатына каршы пикирин айтып жатышкан. Алардын талаптарынын ичинде Түркияда террорчулар менен байланышы бар деп камакка алынган саясий ишмер Селахаттин Демирташты бошотуу да болгон.

Жаңжалга президенттин жан сакчылары дагы аралашканы тууралуу видео тараган. Полиция аларды кырдаалды жөнгө салууга аракет кылганы менен 9 адам жабыркаганы маалым болду.

АКШда Эрдогандын жан сакчылары митингчилерди сабап салышты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан