Кыргызстандын жана Тажикстандын Коргоо министрликтери биргеликте аймактык коопсуздук коркунучуна жана жаңы чакырыктарга каршы туруу боюнча аракеттерди координациялоого багытталган иш-чара өткөрүүгө макулдашты. Мындай келишим 11-май күнү аталган өлкөнүн Худжан шаарында КРнын Коргоо министринин орун басары Ильязбек Субанкулов жана Тажикстандын Коргоо министринин орун басары Рамил Надыровдун жолугушуусу учурунда түзүлдү. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар аскердик кызматташуу тууралуу талкуу жүргүзүшүп, быйыл эки өлкө биргеликте иш-чараларды алып баруу планына кол коюлду. “Биздин кызматташтыктын деңгээли бекемделип жатат, муну аталган планга кол коюу далилдейт”,- деп билдирди Субанкулов.