Бишкек шаарынын Ленин районундагы бала бакчанын короосунан жыландар чыкты

Бишкек шаарынын Ленин районунун Киргизия айылындагы бала бакчанын короосунан жыландар чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 17-майда SUPER.KG порталына Улуттук илимдер академиясынын Биология жана топурак таануу институтунун директорунун милдетин аткаруучу Бекмамат Жээнбаев билдирди.

"Бизге Ленин районунун Киргизия айылындагы №26-балдар бакчасынын короосунан жыландар чыгып, аларды изилдөө тууралуу кайрылуу келди. Учурда биздин адистер жыландарды жеринде көрүү үчүн жөнөп кетишти. Бала бакчада эмгектенгендер балдардын ден соолугуна жана өмүрүнө коркунуч жаралып кетишинен кооптонуп жатышат. Адистер жыландардын канчалык коркунучтуу экенин, ошондой эле уулуу жыланбы, адамга кайсы учурда кол салууга чыгарын изилдешет", - деп билдирди Жээнбаев.

Маалыматка ылайык, аталган институтта жылан кескелдирик, бака менен иштөө адиси жок. Жылан чыккан бала бакчага бака жана кескелдирик менен иштөө адистигине жакын кызматтагы адистер жиберилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Drongo
2017-05-17 14:17:26
Бала бакчанын короосунан чыкканы коркунучтуу,балдар учун.Жылаандарды таап,кармаштыбы жокпу,кабарлап койсонуздар урматтуу Супер Инфо.
+3
admin_portal
2017-05-17 14:33:38
Drongo, сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
+2
barsbegKG
2017-05-17 14:43:47
Drongo,жазғаныңызды қарасам сабаттуу эле киши көрүнөсүз... анан жылаан деғениңиз қандай туурасы жылан ғо
-9
Drongo
2017-05-17 15:17:23
barsbegKG,СИЗ мектепте кандай окугансыз билбейм,мен окуп жургон убакта коптук турундо жылаандар деп жазчыбыз.Буга мисал китептердин аталышы (Жылаандар ханышасы,Жылаандын суйуусу).Азыр эле озгоруп калбаса.Сабаттулук жагынан сизден ашып тушпосом кем калышпайм.Орус улутунан болсом дагы,мектепте кыргызча окуп ,кыргыз тили жагынан алдынкылардын катарында болгом.Жылан деп жазылаарын мен деле билем,коптук турундо жылаандар деп жазылаарын да билем.
+8
meni_kut
2017-05-17 16:55:31
Drongo,туура
0
Drongo
2017-05-17 19:34:00
meni_kut,Сизге чон рахмат!Жакшы адамды жазган созунон эле билсе болот.
+3
barsbegKG
2017-05-17 14:40:14
Ушул қырғызбайларым жаман күйдүрдү адамды... жыланбы же жылаанбы тиғи комментарий қалтырған бирөөнүн жазғаны туура эмес ғо. Анан дағы кар-снег кээде каар жаады деп... жаСайт деғенди жаЗайт деп. Өнүгүүнү ар бирибиз өзүбүздөн баштасақ
-13
meni_kut
2017-05-17 16:57:12
barsbegKG,сен озун эмне казак алфавитин колдонуп жатасын?Туура айтасын биринчи озундон башта онугууну.
+16
Djal1987
2017-05-17 20:07:27
barsbegKG,эмне деп койгонсуз
0
Bema74
2017-05-17 20:54:44
Жекелик турдо жылан, коптук турдо жыландар эле болот
+2
barsbegKG
2017-05-17 22:57:01
Жыландар эле деп турат го супер.кжде Мекендештер андай экен супер.кжге эмне эч ким сын пикир айтпайт анда. Атамбайдын жанында жалаң гана минус баскан адамдарга окшош кишилер отурат ошон үчүн экономика артка кетти. Билим илим артка кетти!
0
barsbegKG
2017-05-17 22:59:35
Bema74 сизге рахмат!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан