Ошто "Сулайман-Тоо периси-2017" сынагында баш байгени уткан Айдана Абдыкаарова Дубайга жолдомо алды

Ошто "Сулайман-Тоо периси-2017" сынагында баш байгени уткан Айдана Абдыкаарова Дубайга жолдомо алды. Бул тууралуу бүгүн, 17-майда SUPER.KG`ге сынактын уюштуруучусу, ырчы Самара Каримова билдирди.

"Сынак "Саламдашуу-видеоролик", "Улуттук көйнөктөр", "Чыгыш бийи" жана "Кече көйнөктөрү" деген 4 этаптан турду. Катышуучулар таланттарын татыктуу көрсөтүштү. Андыктан коноктор да, калыстар тобу да жогору баасын берип жатышты. Жыйынтыгында баш байгени Айдана Абдыкаарова ээлеп, Дубайга жолдомо алды. Биринчи орунду алган Гүлнура Валижанова Түркияга барса, 2-орунду багындырган Назбийке Маматова Тажикстандагы эс алуучу жайлардын биринде эс алып келет. Ал эми кийинки орунду алган Диана Туташевага Ысык-Көлгө жолдомо берилди.

Калган катышуучулардын да аракетин, мээнетин эске алып, ар бирине кымбат баалуу белектер тапшырылды", - деп билдирди Самара Каримова.

Ырчы сынакка 300дөн ашуун кыздардын арасынан 17 кыз тандалып алынганын, даярдыктар учурунда алар бири-бири менен ынак болуп кетишкенин, ал эми бүгүн эс алууга чыгышканын кошумчалай кетти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
Revolyutsiya2
2017-05-17 14:42:24
Ушул сулуулар конкурсун жоюп салса эмне болот? Ансыз да кыргызымдын чыныгы сулуу, акылдуу, ыймандуу кыздары мындай сынактарга катышышпайт, чакырса айланып отушот...
+14
Djal1987
2017-05-17 14:46:28
Тажикистанга бышырып демдеп коюппу??? Ыссык колго эле барсын берки кыз менен бирге!!! Тажикистандан келбей калбасын. Ал жактын эркектери аял корсо ооздору ачылып он саат карашат жалдырап.
+22
tavanova.sarah
2017-05-17 16:02:09
Djal1987,ой ичииим))
Вовремя мааанайды которуп койдунуз))))
+10
vavilon.
2017-05-17 14:49:01
Ким тааныш билиши кучтуу ж.б женип кете берет. Кыргызстанда баардык жерде калыстык жок анан ушул сулууларды тандаганда калыстык болмок беле. Акылдуу сулуу коп нерсеге шыктуу кыздар ото коп негизи. Мага го баарыбир болгону чет олколорго тандап чыгарганда татыктуусун тандагыла. А ичкериде мага баарыбир ким сулуу ким ...
+3
Hatali
2017-05-17 14:49:41
Самара сен кылбаган ушул сынак эле калды эле да.
+11
dina1983-19
2017-05-17 14:53:40
Дубайга апарып байларга сатып жибербейби деген ой кетет экен
+4
m_93kg
2017-05-17 14:57:13
кыздардын сулулугу куйосуно. Башка бироого озун коз коз кылуу ото уят мусулман кыздары.
+3
Alibay
2017-05-17 15:19:54
Кыргыздын кыздарынын ыймандуулугун,акылдуулугун,намыстуулугун даназалаган ,кыргызда ушундай кыздар бар деп башка улуттун окулдору суктангандай сынак уюштурсак болмок.Мамлекеттик денгээлде.Осуп келе жаткан жаш муун биз кандай болсок бизге карап туздонот.Жарым жыланач чыкканыбызды дагы,кийимибиз ,бут турпатыбызды,орусча чала суйлогонубузду дагы.Европа эмеспиз биз,биз кыргызбыз.Кыргыз жыттанган баалуулуктарыбыз калбай баратканына ичим куйот.Маданият министрлиги кийлигишпесе кыйын болуп калды.
+2
Alibay
2017-05-17 15:24:09
Же болбосо билим таймашын откоруп ,сыйлык катары ушул Дубай сыяктуу олколорго саякат деп койсо ,ал жакка барыш учун дагы окуп изденмек.Интеллектуалдык денгээлибиз которулмок.Бул кыздардын арасында суйломго талдоо жургузо албаган,сызыктуу тендеме чыгара албагандары бардыр кайдан билебиз.Ошол себептен айтаарым,жок дегенде сынактарды откороордо жарым болугун билим таймашы кылып дагы откорсо болот.Сулуулугу ,тарбиясы ,билими айкалышса эн сонун болмок...
+4
akil.91
2017-05-17 15:41:24
Шаардык конкурсбу, же областтыкбы же кандай тушунбой калдым...
+2
Rozhulun
2017-05-17 16:15:28
Акчаң болсо алга чап
Акчаң болбосо кетмен чап...
+3
nur_zhoni
2017-05-17 18:55:49
Таты эженин сынагына караганда жакшы болгонго
+1
Ymanbekov
2017-05-17 20:11:28
Сулайман тоо периси болбой жон эле жургулочу
+1
FIFA.
2017-05-17 21:27:34
Олло чаптаптырго краскадан. Кундон кунго бузукулар кобойуудо.
+1
naera
2017-05-17 23:08:57
Конкурска барган Адам катары оз оюм айтсам.Сынак мыкты денгээлде отту,чыгыш бийин бийлегенде да кыздар ачык-чачык кийинген жок баарынын ичи,кокурогу,кочугу корунгон жок жабык формасын тандашыптыр ошого аябай ичим жылыды.Суроо-жооп болгондон ар биринерге учтон суроо берилди: Кыргыздын тарыхы боюнча,Сулайман тоо тарыхы анан макал уламай.Чындыгында менда кээ Бир суроолорго жооп Билбейт болчумун а кыздар жооп берип жатышты билгенче.Мага жакпаганы коооп убакытым алып койду кечки 12 де Аран бутту.Эч
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан