Австралиялык окумуштуулар дүйнөдө эң кир аралды аныкташты. Ал Улуу Британияга таандык Тынч океандын түштүк тарабындагы Хендерсон аралы. Бул туралуу Евроньюс басылмасы жазып чыкты.
Анын жаратылышына адам баласынын колу тие элек деп эсептелинген, андыктан ал ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурас тизмесине кирген эмес.
Бирок анын жээктеринде 18 миң тоннадан ашуун таштанды жатканы аныкталды. Таштандылардын көпчүлүгү күнүмдүк колдонулчу буюмдар. Аларды колдонгон адамдар кийин ал буюмдар кайда каларын ойлонушпайт. Аралдын болобу же континеттикиби пластиктердин көлөмү көйгөйдүн чыныгы масштабын көрсөтпөй турганын айтат окумуштуу Жениффер Лаверс.