“Өлкө бюджетиндеги акчанын 20 пайызы жөлөк пул берүүгө кетет". Мындай пикирин бүгүн, 13-майда ЖКнын Бюджет жана каржы комитетинин жыйынында депутат Элмира Жумалиева билдирди. Айтымында, жөлөк пулга бөлүнгөн каражаттар тиешелүү адамдарга жетип жатабы, жокпу эч ким билбейт. “Жөлөк пул маселеси да сыр бойдон калууда. Бюджеттин 20 пайызын бергенден көрө ишкана ачып, элдерди иш менен камсыз кылып койсок болбойт беле?”- деди эл өкүлү.