SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Үй-бүлөдөгү эркек менен аялдын укугу тең дегенге кандай карайсыңар?" деген тема талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Эркек аялга караганда бир тепкич өйдө турушу керек. Болду!"
"Албетте, аял менен эркектин укуктары тең болушу керек, биз эски адамдар эмеспиз да, жашоо күндөн-күнгө өзгөрүп, өнүгүп жатат. Мурун эркектер аялдарды 2-орунга коюшчу эле, азыр аялдар керек болсо кээ бир эркектерден көп акча таап, үй-бүлөсүнө, туугандарына, элине, жерине чоң жардам алып келип жатышат. Мурун аялдар иштебей, окубай, үйдө балдарын багып эле отурушчу, азыр баары өзгөрдү".
"Эркек табиятынан лидер болуп жаралган. Аны аялдар эч качан түшүнбөйт жана түшүнгүсү да келбейт. Эркек баш болгон үй-бүлө дайыма бекем болот. Алгач кыздын ата-тегин сурайт, ата-теги жакса анан апасына карайт. Кыздын жакшы-жаманга турмушка чыгуусу да атасынын кадыр-баркына байланыштуу болот".
"Аял менен эркек үй-бүлөдө тең укуктуу. Болгону аны туура түшүнүү керек. Эркек - үйдүн башчысы, коргоочусу. Үй-бүлөнүн кем-каржысын толуктап, үй-бүлө мүчөлөрү менен кеңешип, акыркы чечимди кабыл алган адам. Аял - анын кеңешчиси, жардамчысы, колдоочусу. Жолдошунун, өзүнүн тапкандарын сарамжалдуу пайдаланып, тууган-туушкан, дос-жары менен мамилени чыңдаган адам. Ар кимисинин милдети гана ар башка. А кээ бири аны туура түшүнбөй "бизнес айымыбы" же калп "баатырбы" болгусу келгендерден сурасаң тең укуктуулукту башкача түшүнүшөрү бештен белгилүү эмеспи".
"Эркек менен аялга тең укук керекпи же адилеттүү укук керекпи? Мисалы, бука менен жер айдаса болот, уй менен да жер айдаса бул адилеттүүлүк эмес. Исламда эркектин милдеттери: адал тамак алып келүү, үй менен камсыз кылуу, батир болсо да, кийим менен камсыз кылуу, эркектик милдетин аткаруу. Аялдын милдеттери: келечекте эл башкара турган балдарды тарбиялоо, эри жокто анын намысын жана мүлкүн сактоо, эри чакырган убакта баруу болуп эсептелет".
"Мен жолдошумду аттап өткүм келбейт, ал баары бир кандай кырдаал болбосун, менден бийик болушун каалайм".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.