"Өлкөдө "Хизбут-Тахрир" уюмунун мүчөлөрү 20 миңге жетти" дейт Шамиль Атаханов

"Кыргызстанда "Хизбут-Тахрир" диний экстремисттик уюмунун тарапташтары 20 миңге жетип калды". Бул маалыматты бүгүн, 13-майда ЖКнын Коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында Коргоо жана коопсуздук боюнча премьер-министр Шамиль Атаханов айтты. Айтымында, акыркы мезгилде Талас, Чүй, Ош облустарында аталган уюмдун мүчөлөрүнүн активдешүүсү байкалууда. “Бул багытта кабыл алынып жаткан чаралар күчөтүлүүдө. Куралдуу күчтөр тарабынан республиканын бардык аймактарында террорчулукка каршы окутуулар үзгүлтүксүз жүрүүдө”,- деди Атаханов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан