Темир Сариев: "Эң керектүү азыктардын ичинен Кыргызстан өзүн-өзү сүт жана картошка менен гана камсыз кыла алат"
“Калк тарабынан күн сайын керектелүүчү негизги 10
азык-түлүктүн ичинен сүт жана картошка менен гана өзүбүздү өзүбүз
камсыз кыла алабыз”. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда ЖКнын Бюджет жана каржы комитетинин жыйынында
Экономика министри Темир Сариев билдирди. Айтымында, башка продукцияларды
импорттоо керек. “Эт менен дагы өзүбүздү өзүбүз толук камсыз кыла албайбыз. Эт
импорттолуп келгени менен, кайра реэкспорттолуп кетүүдө”,- деди министр.