Бишкектеги Токтоналиев көчөсүнүн туурасы 15 метрге кеңейтилип, жолго тоскоол жараткан дарактар кыйылат

Бишкек шаарындагы Токтоналиев көчөсү (мурдагы аталышы Душанбинская) кеңейтилет, андыктан тоскоол жараткан дарактар алынат. Мындай маалыматты бүгүн, 17-майда SUPER.KG порталына Бишкек шаардык мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Нурлан Эшенбаев билдирди.

"Борбор калаадагы Чыңгыз Айтматов менен Манас кең көчөсү унаага толуп, каттам татаал болуп жаткандан улам Токтоналиев көчөсү бүгүнкү күндө оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп баштады. Көчөнүн учурдагы туурасы 8-10 метрге барабар. Долбоор боюнча жолдун кеңдиги 15 метр болот. Мындан улам жол курууга тоскоолдук жараткан дарактар алынат. Бул боюнча атайын комиссия түзүлгөн. Анын курамына Бишкек шаарындагы 4 райондун акимдери кирген. Жол курууга тоскоолдук жараткан дарактарды алуу боюнча биздин ишкана түзүлгөн комиссия менен биргеликте карап чыгып, "Жашылдандыруу" ишканасына кайрылабыз. Ал ишкана дарактарды кыят", - деп билдирди Эшенбаев.

Маалыматка ылайык, Токтоналиев көчөсү Кулатов көчөсүнөн Токомбаев көчөсүнө чейин 3,5 чакырым аралыкка жетет. Май айынын башында башталган жолдун курулушу Октябрь айында жыйынтыкталат.

"Бүгүнкү күндө жергиликтүү тургундар тарабынан дарактарды кыюуга нааразычылык көрсөткөндөр да бар. Эгерде жол курууга тоскоолдук жараткан дарактарды албасак, биз жол кура албайбыз. Азыркы учурда алар кыйыла элек, бирок убакыт келгенде кыюуга туура келет. Биз ага мажбур болобуз", - деп кошумчалады Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан