Ноокенде Кара-Үңкүр дарыясынын суусу жээктен ашып кетүү коркунучу жоюлду. Бул тууралуу бүгүн, 17-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Кара-Үңкүр дарыясынын оң жээгине курулган дамбанын 50 метр аралыгын суу жеп, ашып кетүү коркунучу жаралган. Бүгүнкү күндө тосмону бекемдөөгө 4 инженердик техника жана жергиликтүү тургундар тартылган. Кооптуу абал жаратып жаткан коргоочу дамбаны таш менен бекемдөө жумуштары аткарылып коркунуч жоюлган. Учурда бекемдөө жумуштары уланууда", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, аталган дамба Ноокен районунун Арал айыл аймагына караштуу Арал участкасында ӨКМнын Сел жана суу ташкындардан коргоо бөлүмүнүн балансында турган.