“Депутаттар коомчулуктун, “Ата Мекен” фракциясы көтөргөн маселесин эске алып президенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдырууну демилгеледи”, - деп бүгүн, 17-майда парламентте КСДП фракциясынын депутаты Төрөбай Зулпукаров айтты. Ал шайлоо 15-октябрда шайлоо өтө турган болсо Борбордук шайлоо комиссиясы 2-турга, арыз даттануулар боюнча иш алып барганга жетишерин белгилеп өттү.
“Ата Мекен” фракциясынын депутаты Аида Салянова БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматовго президент 6 жыл шайланыш керек экенин эскертти.
Бекматов Конституциянын 63-беренесин мисал келтирип, жаңы президент келгенден кийин гана мурдагы президент ыйгарым укуктарынан бошотула турганын билдирди.
Төрөбай Зулпукаров президент 6 жылга шайланат дегенде жыл каралып жатканын белгиледи. “Мисалы, Жогорку Кеңештин VI чакырылыштын депутаттары шайлоонун жыйынтыгы чыккандан кийин 18 күндөн кийин ант беришкен. Ошондо V чакырылыштын депутаттары 6 жыл отурган болуп калабы?" - деп Саляновага кайрылды.
Аида Салянова: “Бул боюнча сизге окшогон депутаттар айтыш керек болчу. Ал эми президент 6 жылдан ашык отурган туура эмес”, - деди.
Зулпукаров: “Шайлоону октябрь айынан ноябрга жылдыруу каралып жатканда Өмүрбек Текебаев колдоп чыккан. Ал учурда депутаттар каршы чыгышкан”, - деди.
Салянова жыйынга катышпаган адам тууралуу сүйлөбөөгө чакырды. Анын айтымында, Роза Отунбаеванын президенттик мөөнөтү 31-декабрда бүтмөк, ошого карата шайлоо ноябрга белгиленген. Бирок Алмазбек Атамбаев бир ай мурун президенттикке киришкенин кошумчалады.
"Президенттин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору каралды.