Саламаттыкты сактоо министрлиги: "Тоскоолдогу окуучулардын эмнеден ууланганы аныктала элек"

Бүгүн, 17-майда Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунун Тоскоол айылынын тургундары SUPER.KG порталына эс-учун жоготуп ооруканага түшкөн окуучулардын саны 32 эмес 48ге жеткенин билдирип, жалпыга маалымдоо каражаттарына чындыкка дал келбеген маалымат берилип жатканын кабарлашкан.

“Ууланган окуучулар чынында көп, "жалпыга маалымдоо каражаттарына санын азайтып беришүүдө" деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Ачыгын айталы, айрым ата-энелер баласынын мурду канаса же башы ооруса деле "балам мектепке барган эле, ууланды" деп жетелеп келип жатышат. Чынында учурда ооруканага окуучулар көп кайрылышууда. Аларды текшерип жатабыз, диагноздору башка чыгып жатат. Ал эми "жолдон жыгылып, кайра ооруканага жаткырылып" жатат делген маалымат боюнча, чынында бизге эки окуучу, ысык унаага салышканбы, көңүлдөрү айнып жолдон кайра келишиптир. Азыр аларды кошкондо ооруканада 5 окуучу дарыланууда", - деди Ноокен аймактык оорукананын башчысы Шамшидин Абдирешов.

Ооруканага баш-аягы 32 окуучу ооруканага жаткырылганын айтты башкы дарыгер.

"Анын 29у ууланганын аныктаганбыз. Азыр ооруканада 5 окуучу дарыланып жатат. Калгандарынын абалдары жакшы болуп калгандыктан, ооруканадан үйлөрүнө чыгарылды”, - деп кошумчалады Шамшидин Абдирешов.

Саламаттыкты сактоо министрлиги ушул күнгө чейин уулануунун себеби аныкталбай жатканын билдирди.

"Суудан алынган анализдерде токсикологиялык зат табылган эмес. Мектептин жанында сатылган балмуздак да текшерүүгө алынды, анализдер таза чыккан. Мындан сырткары мектептин администрациясы мектептин короосундагы мөмө-жемиштүү бактар дарыланбаганын билдирди", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
magnat1013
2017-05-17 17:04:03
Саламаттыкты сактоо министрлиги эмне учун айлык алып жатат, ушул маалга чейин аныктабаса, же оз иштерин билишпейби же бир нерсени жашырып жатышабы? Кыргызстанда жашаш да кооптуу болуп калды озу
+1
betatek-2011
2017-05-17 18:43:28
magnat1013,туура созуно кошулам!четжакта журуп элинен жеринен козун отот,мекениме качан кайтамдеп жургондор канча?бирок озубуздукулорго ишеничжокболупкалды....
0
Kroxa
2017-05-17 18:09:51
Тургундар калп дейт го саны коп бирок аз айтып жатышат деп,эмнеге??
+1
SMS Aroma
2017-05-17 19:17:55
30 окуучу тен суу ичпегендир??? Ремонт иштери жүрүп жаткан болсо боечу каражаттардан ууланышы мүмкүн. Менин оюмча аба аркылуу ууланышкан.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан