Кыргызстан 2012-жылы коррупциянын айынан 1 миллиард сомдон ашуун зыян тарткан. Мындай маалыматты бүгүн, 13-майда ЖКнын Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитетинин жыйынында вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев билдирди. Анын айтымында, 2012-жылы коррупциялык багытта миңден ашык кылмыш иши козголгон. Ошондой эле келтирилген 1 миллиард сомдук чыгымдын 154 миллион сому кайра толукталган. Ошондой эле Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат тарабынан өткөн жылы 517 укук бузуу фактысы катталган.