“Дордой” базарынан айына 60 миллион сом салык чогултса болот". Бул сөздү 13-майда ЖКнын Бюджет жана каржы комитетинин жыйынында депутат Элмира Жумалиева айтты. Ал билдиргендей, патенттин жаңы түрлөрү киргизилип жатат, акциздик салык киргизилип жатат, бирок 2012-жылы салык чогултуу 1,2 миллиард сомго аз болгон. “Атайын Бишкектин базарларын кыдырып көрүп, көптөгөн мыйзамсыз иштерди көрдүк. Мисалга, "Дордой" базарында патенти жок иштеп жаткандарды алсак болот”,- деди депутат. Өз кезегинде Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Исхак Масалиев “Дордой” базарында иштеген сатуучулардын 99 пайызынын патенти бар экенин билдирди.