"2012-жылы 214 жооптуу кызматкерге карата коррупция боюнча кылмыш иши козголгон. Алардын ичинде укук коргоо кызматкерлери, сот, прокуратура, фискалдык органдардын өкүлдөрү бар. Бирок 28 гана адам жоопко тартылыптыр, анан кантип иш жүрүп жатат деп айтабыз? Өлкө башчы коррупцияга каршы аёосуз согуш жарыялады, а бирок аткаминерлер эч нерсе жасабай жатат",- деди эл өкүлү.
Өз учурунда вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев коррупция менен күрөшүүгө өкмөттө саясий эрк жетиштүү экенин баса белгиледи. Бирок буга депутат кошулган жок.