Колдонуучулар эми Инстаграм баракчасына түрдүү маскалар менен сүрөт же видео жүктөп, стикер-хэштегдерди колдонуп, видеону артка түрүп көрө алышат. Бул тууралуу аталган компаниянын расмий блогунда жазылды.
Маалыматка караганда, жаңылануулар Инстаграмдын 10.21 версиясында жеткиликтүү. Эгерде телефонуңуздагы тиркемеде жаңы функцияны таба албай жатсаңыз, App Store жана Google Play Store дүкөндөрүнөн жаңы функцияларын жүктөп алсаңыз болот. Колдонуучулар жаңы функциянын жардамы менен Stories бөлүмүнөн видеону ар кандай өңдөр менен көркүнө чыгара алат.