11-майда күнү саат 20:30 чамасында Жалал-Абад ОИИБинин кызматкерлери тарабынан Аксы районунун Разан-Сай айылынын тургуну 39 жаштагы Кутманалы И. Таш-Көмүр шаарына караштуу Кызыл-Алма аймагынан 1 килограмм баңгизат менен колго түштү. Айыпталуучунун айтымында, ал баңгизатты сатып пайда тапмакчы болгон. Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз катчысы Жылдызбек Аттокуровдун айтымында, иш боюнча тийиштүү экспертиза дайындалып, колго түшкөн зат марихуана экендиги аныкталды. Учурда кылмыш иши козголуп, кармалган адам убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.