ЖКнын Коргоо жана коопсуздук комитети өкмөттүн 2012-жыл боюнча отчётуна "канааттандырарлык эмес" деген баа берди

Парламенттин Коргоо жана коопсуздук боюнча комитети өкмөттүн 2012-жылдагы аткарган иштери боюнча отчётун "канааттандырарлык эмес" деп тапты. Депутат Исмаил Исаков өкмөттүн отчёту чар-жайыт, баш аламан түзүлгөнүн, документте мамлекеттик коргонуу, улуттук коопсуздук жана чек ара маселелерин чечүү чаралары иштелип чыкпагандыгын айтты. Жыйынтыгында комитет төрагасынын милдетин аткаруучу депутат Ирина Карамушкина отчётту канааттандырарлык деп табуу жана И.Исаковдун канааттандырарлык эмес деп табуу боюнча сунушун добушка койду. Жыйынтыгында депутаттардын көбү Исаковдун сунушун колдоду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан