Bloomberg: Трамптын айынан дүйнөнүн байлары 1 күндө 35 миллиард доллар жоготушту

АКШнын президенти Дональд Трамптын тегерегиндеги чырдан улам дүйнөнүн бай адамдары 1 күндө 35 миллиард доллар жоготушту. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги түзгөн рейтингде айтылат. Себеп - АКШда фондулук рынокто соода жүгүртүүнүн түшүп кетүүсү. Рейтингде эӊ бай делген 500 адамдын каржылык абалы көрсөтүлөт, 17-майга карата.

Microsoft компаниясынын акциялары дээрлик 2 пайызга арзандап, дүйнөнүн эӊ бай адамы Билл Гейтс орточо 1 миллиард доллар жоготкону айтылат маалыматта. Bloomberg'дин баалоосуна ылайык, азыркы учурда Гейтстин эсебинде 86,6 миллиард доллар бар. Amazon компаниясынын кожоюну, америкалык ишкер Жеффри Безос 1,7 миллиард доллардан айрылды. Amazon компаниясынын баалуу кагаздары 2,2 пайызга түшүп кеткен. Безостун эсебинде азыркы тапта 81,9 миллиард доллар бар. Испаниялык ишкер, Zara соода маркасынын негиздөөчүсү Амансио Ортега 355 миллион доллар жоготуп, учурда анын байлыгы 83,2 миллиард доллар деп бааланууда. Ал эми Facebook компаниясынын акциялары 3,3 пайызга чейин түшүп, компаниянын негиздөөчүлөрүнүн бири Марк Цукерберг 2 миллиард долларга күйдү. Анын ушул таптагы байлыгы 62,3 миллиард доллар деп айтылат.

Агенттик фондулук рынокто соода жүгүртүүнүн түшүп кетүүсүнө Трамптын администрациясындагы саясий жаӊжал Американын экономикасына терс таасирин тийгизиши мүмкүн деген кооптонуу себеп болгонун белгилейт.

Эскерте кетсек, 15-майда АКШдагы беделдүү басылмалардын бири "президент Трамп Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушууда террордук "Ислам мамлекети" тобуна тийиштүү жашыруун маалыматтарды ачыктап жибергенин" жазган. Эртеси дагы бир белгилүү басылма Трамп Федералдык иликтөө бюросунун директору Жеймс Комини кызматтан алуу алдында андан өзүнүн (Трамптын) мурдагы жардамчысы Майкл Флиннге карата иликтөөнү токтотууну суранганын жазып чыккан. Бул макалалардан кийин Ак үйдүн саясатына олуттуу нааразычылыктар жаралып, АКШ Конгрессиндеги демократтар улуттук коопсуздукка шек жаралганын айтып Трампты сындап жатышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан