БШКнын мүчөлөрү эксперттер менен биргеликте шайлоо алдында саясий партиялардын жоопкерчилигин талкуулады

Бишкекте бүгүн, 18-майда президенттик шайлоо өнөктүгү жана саясий партиялардын жоопкерчилигине арналган жыйын өтүүдө. Ага Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова, анын орун басарлары Атыр Абдрахматова, Абдыжапар Бекматов, комиссиянын мүчөлөрү, коомдук ишмерлер, жергиликтүү жана эл аралык эксперттер катышып жатат.

Жыйында БШКнын төрайымы акыркы жергиликтүү кеңешке шайлоо учурунда добуштарды сатып алуу фактылары катталганын айтып өттү. Мындай ыкманы шайлоого биринчи жолу катышып жаткан партиялар дагы колдонгонун кошумчалады.

БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаева президенттик шайлоонун тартиби, талапкерлердин милдеттери тууралуу айтып берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан