SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Сизге ким тарбия берди?" деген тема талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Ата-энемдин тарбиясын алып чоңойдук. "Аганы көрүп ини өсөт" дегендей, андан көп нерсени үйрөндүм, ал жасаган нерселерин жасап, кийгендерин кийгим келип, дайыма агамды туурап турчумун. Чоңойгондон кийин жашоого болгон көз карашым өзгөрүп, агамды коюп, атамдын жасагандарын, жүрүм-турумун, адамдарга жасаган мамилесин, бизге берген тарбияларын үйрөнүп, атамды туурап жашап келем. Атам бизге көбүрөөк тарбия бериптир, атамдан коркобуз, айткандарын сөзсүз аткарабыз, ал эми апам менен доспуз, бир нерсе айтса "коюңузчу, апа" деп коюп жүрө беребиз. Ошондо тарбия берүү боюнча атамдын үлүшү чоң, атамдай адам болуп жашагым келет. Балдарыма да татыктуу тарбия берип, көбүрөөк убакыт бөлгөнгө аракет кылам жана чоң атасына жиберип турам, жакшы тарбия алышат".
"Бир туугандардын улуусу болгондуктан мектепке чейинки куракта ата-энемдин менин тарбияма кошкон салымын жокко чыгарам. Анткени экөө тең иштечү, анан да мен убактымдын көбүн бала бакчада өткөзчүмүн. Окуучулук куракта, тарбияны көбүрөөк биринчи мугалим берди. Себеби атам кечке жумушта, иштен келгенден кийин дароо кабинетине кирип кетчү да, түн бир оокумга чейин бүтпөй калган иштерин улантчу. Тамактануу убагында гана сабактарымды сурабаса, тарбия сааты ошону менен аяктайт. Апам кичүүлөрдөн колу бошочу эмес. Каникулда таене-таята, чоң энеме барчумун. Таятам чоң китепканасы, андагы атайын мен үчүн тандап койгон китептери менен тарбиялады. Таенем санжыра, адабияттар, айрыкча тарыхый инсандардын таржымалы менен тарбиялаганга аракет жасады, чоң энем болсо ырымчыл болчу, андыктан каада-салт, жөө жомоктор менен тарбияма салым кошкон".
"Байкаштырсам, үйдө апамды аябай туурайт экенмин. Кандайдыр бир оң сапаттарын көчүрүп алгандаймын. Сыртта созулуп жүргөнүм менен үйгө келгенде шыпылдап, жаным тынбайт. Ушуга сүйүнөм, себеби өң-келбетим апама окшобосо да, бирин-экин сапаты менде таберик. Апам аябай үй ишине тың киши. Коомдук иш-чаралардан да калбайт, активист. Ал эми мен коомго болгон көз караш, жүрүм-турумум, кыскасы прозаикалык нерселерден башкасын китептен алдым".
"Атам тарбиялап чоңойтту, апам 5 жашымда кайтыш болгон. Атам 4-класска чейин эркелетти, чоңоюп, эс тартканы темирдей тартип болду. Бир эле туура эмес сөз үчүн урушуп, таяк жечүмүн. Ыраазымын, катуу кармап туура кылган, кийинки жашоомдо кыйналган жокмун. Калганын турмуш тарбиялап келе жатат".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.