Бишкектеги Лев Толстой, Алексей Фатьянов, Касым Тыныстанов көчөлөрү менен чектелген аймакка курулчу турак жайлардын долбоору боюнча бүгүн, 18-майда "Бишкек башкы архитектура" муниципалдык ишканасында коомдук талкуу өттү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.
Буга чейин долбоор Бишкек шаарынын Шаар куруу кеңешинин отурумунда каралган. Долбоор иштелип жатканда 50-60-жылдарда курулган 2-3 кабаттуу имараттардын техникалык абалдары эске алынган. Алардын көпчүлүгү коопсуздук нормаларына жооп бербейт жана авариялык абалда. Буга байланыштуу ал үйлөрдү сүрдүрүү каралып, ордуна ашканасы башка бөлмөлөрдөн бөлүнбөгөн (батир-студия) көп кабаттуу турак жайларды салуу мерчемделген.
"Долбоор эрежелерге ылайык, эми коомдук талкуудан өтүшү керек болчу. Анда "Бишкеккурулуш" фирмасы долбоордун материалдарын көрсөтүп, жергиликтүү тургандар суроолорун узатышты. Көтөрүлгөн маселелер боюнча жооптор кайтарылды. Жыйынтыгында, долбоор тургундар тарабынан колдоого алынды", - деп жазылат маалыматта.