Бишкектин Ленин райондук соту 2012-жылы жергиликтүү кеңешке шайлоо учурунда “карусель” ыкмасын колдонгону үчүн айыпталып жаткан “Республика” партиясынын жаштар канатынын лидери Наргиза Ажибаевага карата козголгон кылмыш ишин токтотту. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Ажибаевага байланыштуу “шайлоочулардын добушун сатып алуу” беренеси боюнча козголгон кылмыш ишин Ленин райондук сотунун судьясы Афчи Алиев 3-май күнү токтоткон. Кылмыш иши “Өз ыктыяры менен кылмыштан баш тарткан адамга карата сот ишинен алып чыгуу жагдайы" беренесинин негизинде токтотулду. Эске салсак, буга чейин маалым болгондой, айыпталуучу Наргиза Ажибаева милицияга өз ыктыяры менен кайрылган.