Ноокенде белгисиз нерседен ууланып ооруканага түшкөн окуучулардын баары үйлөрүнө чыгарылды. Бул тууралуу Ноокен аймактык ооруканасынын жетекчиси Шамшидин Абдирешов билдирди. Анын айтымында, балдардын абалдары жакшы.
“Бүгүн күндүз саат 15:00 чамасында ууланган окуучулардын калган бешөөнүн абалы жакшырып, үйлөрүнө чыгарылды”, - деди Шамшидин Абдирешов.
Андан сырткары окуучулар ооруканадан чыгар алдында саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев барып окуучулардын абалдары менен таанышкандыгын кошумчалады.