Бул маалыматты SUPER.KG порталына ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитов билдирди.
"Иликтөөнүн натыйжасында Жалал-Абад шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы М.Ш. ал өзүнө тиешелүү милдеттемелерди билбегени, убактылуу кармоочу жайдагы абалды көзөмөлгө албаганы боюнча жана башка жагдайларда кызмат ордуна татыктуу эмес деген сунуштама берилген. ИИМ бир жуманын ичинде берилген сунуштамаларды карап чыгат. Милициянын өздүк курамындагы таза эмес иштеген кызматкерлерден арылуу боюнча реформа башталды десек болот. Жакында ички курамда кадрдык өзгөрүүлөр жана жетекчилерди ротациялоо күтүлүп жатат", - деди Сейитов.
Буга чейин ИИМдин өздүк коопсуздук кызматы Жалал-Абад ОИИБи менен биргеликте шаардык милиция жетекчисине кызматтык иликтөө жүргүзүп, министрликке аны кызматтан алуу сунушун берген болчу. Ошондой эле даярдалган материалдарды укуктук баа берүү үчүн облустук прокуратурага жөнөткөн.