2014-жылы 18-майда акыркы замандын жетишкен технологиясынын жардамы менен поп музыканын падышасы атыккан Майкл Жексон голограмма аркылуу "тирилген". Анда Майкл Жексон Лас-Вегас шаарында өткөн "Billboard Music Awards" музыкалык сыйлык тапшыруу аземинде сахнада ырдаган. Анда ырчынын фирмалык бийлери, анын атактуу кадамы аткарылып, чебер бийчилердин коштоосунда көркүнө чыгып, көрүүчүлөрдүн көзүнө жаш алдырган.
18-майдын жылнаамасы.