Европа комиссиясы Facebook'ка 110 миллион евро айып салды

Европа комиссиясы Facebook'ка 2014-жылы WhatsApp тиркемесин сатып алып жатканда чындыкка дал келбеген маалымат бергени үчүн бүгүн, 18-майда 110 миллион евро айып салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, Facebook колдонуучулардын социалдык тармактагы баракчаларын WhatsApp тиркемесиндеги аккаунттары менен бириктирүү техникалык жактан мүмкүн эмес экенин билдирген. Ага карабастан 2016-жылы тиркеме жаңыртылып, колдонуучулар телефон номерлерин Facebook баракчаларына байлап коюу мүмкүнчүлүгүнө ээ экени жазылган. Европа комиссиясы "мындай техникалык байланыштыруу жолу 2014-жылы да бар болгон, ал тууралуу Facebook да билген" деген чечим чыгарган. Европа комиссиясынын бул билдирүүсү 2014-жылдагы келишимге берген макулдугун жокко чыгарбайт.

Белгилей кетсек, Facebook компаниясына ушул эле жумада европалык жөндөөчтөр дагы бир айып салышкан. Жуманын башында Франциянын бийлиги компанияга өлкөнүн жеке маалыматтарды коргоо тууралуу мыйзамын бузганы үчүн 150 миң евро айып салган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Nukeww
2017-05-18 20:03:58
ой бууй де,,не деген акчалар ай... мен дагы жон эле "айып пул" салып койгонго мумкунчулугум болсо э
+3
nur_zhoni
2017-05-18 20:30:06
Nukeww,эмне учун айып салат элен
+2
bond
2017-05-18 22:03:40
nur_zhoni,ватцапта мага кыздар жазбай жатат деп салса керек да.
0
altynka95
2017-05-18 22:39:56
Байкуш Марк Цукерберг
-1
bond02
2017-05-19 06:20:06
Бир жолу жаап койсо деле баары бир.
+2
Nukeww
2017-05-19 08:50:55
наоборот тынчтык бербей дайыма жазышып жатат деп )) хД
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан