Өзүнүн ачык кийинүүлөрү менен белгилүү америкалык модель Белла Хадид 70-Канн кинофестивалынын юбилейлик кечесинде кайрадан көпчүлүктүн көӊүлүн бурду. Анткени адатка айланган ачык, сексуалдуу кийинүү стилинен модель бул ирет да баш тарткан эмес. Кечеге сулууну атасы коштоп келген. Бул жылы да ал кызыл килемде провокация жараткан көйнөгү менен талкуу чордонунда болору айтылууда.
Франциядагы Көгүлтүр жээкте 17-майда башталган фестиваль 28-майга чейин уланат.
Белгилей кетсек, өткөн жылы "69-Канн" кинофестивалында Белла Хадид кызыл килемден белине чейин ачык көйнөк кийип өткөн. Бул жосуну менен ал фестивалда эң көп талкууга алынган атактуулардын катарын толуктаган.
Анын "күнөөсү" ачык кызыл түстөгү көйнөк кийип келгени болуп, "кызыл килемде провокация жараткан көйнөк" деп аталган. "Көкүрөгү көрүнгөн, белине чейин ачык көйнөк, ошондой эле кызыл түс - Белланын сексуалдуулугун баса көрсөтүүдөн коркпогону", - деп жазышкан басылмалар.