Бишкек шаардык кеңешиндеги “республикачы” депутат Үмүтхан Тыналиеваны сот күнөөлүү деп тапты

Биринчи Май райондук соту Бишкек шаардык кеңешиндеги “Республика” фракциясынын депутаты Үмүтхан Тыналиеваны шайлоочуларга акча тараткандыгы үчүн күнөөлүү деп таап, ага 150 миң сом айып пул төлөтүү чечимин чыгарды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Үмүтхан Тыналиева 2012-жылдын 21-ноябрында шаардагы №84-мектептин жетекчиси Иманалиеваны жана №186-балдар бакчасынын жетекчиси Майгулакованы борбордогу кафелердин бирине чакырып, 25-ноябрдагы жергиликтүү кеңешке шайлоодо “Республика” партиясынын пайдасына добуштарды бурмалоо өтүнүчү менен 90 миң сом берген. Бирок Иманалиева Тыналиеванын үстүнөн арыз жазып, алган акчаларын кайтарып берген. Ал эми шаардык кеңештин депутатынын жактоочулары соттун чечимине макул эместигин билдиришип, шаардык сотко кайрылышканы белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан