Батыркан Ильясовго таандык "Кошуналар" аталышындагы кыска метраждуу анимациялык тасма Канадада 21-майда өтө турган эл аралык "FOCUS" кинофестивалына катышат. Бул тууралуу продюсер Ника Жолдошбаева билдирди.
Маалым болгондой, кинофестиваль 16 жашка чейинки балдар арасында өтөт жана катышуучулардын тасмасы "Дүйнөнү эмне жакшыраак кыла алат?" деген темага жооп бериши керек. Батыркан учурда Караколдо жашайт. 8-класстын окуучусу. Анимация менен 3 жылдан бери алектенип келет. Буга чейин анын мультфильми бир катар эл аралык сынактарга катышып, баш байгени жеңип келген.
"Кошуналар" анимациялык тасмасында эмгекчил жана жалкоо адамдардын жашоосу чагылдырылган. Алардын бири спирт ичимдиктерине жакын, иштегенди жаман көрөт.