Аксы-Ала-Бука райондорун бириктирген унаа жолдогу көпүрөнүн түбүн суу алып кетип, кооптуу абал жаралгандыктан убактылуу жабылды. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда SUPER.KG порталына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Аксы райондук бөлүмүнүн башчысы Эрмек Тойбеков билдирди.
“Көпүрөнүн түбүн суу жеп кетип, кооптуу абалга келгендиктен 15-майда түнкү саат 2:00 чамасында жабылган. Учурда оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө, жээктерди бекемдеп жатабыз. Учурда жергиликтүү тургундар убактылуу негизги жол жабылганына байланыштуу Кашка-Суу айылы аркылуу каттап жатышат. Оңдоп-түзөө иштерин ушул жумада бүтүргөнгө аракет кылабыз”, - деди Эрмек Тойбеков.
Эскерте кетсек, Падыша-Ата суусунун деңгээли көтөрүлүп, Жалал-Абад облусунун Аксы жана Ала-Бука, Чаткалды райондорун байланыштырган унаа жолдогу көпүрө жараксыз абалга келгендигин окурман 18-майда SUPER.KG порталына кабарлаган.