КСДП фракциясынын депутаты Азамат Арапбаев Кыргыз мамлекетинде экинчи тил - орус тили эмес англис тили болуш керек экенин айтты. Бул тууралуу эл өкүлү бүгүн, 19-майда аталган фракциянын жыйынында билдирди. Ал мектеп окуучулары 1-класстан баштап англис тили сабагын окуу зарыл экенин белгиледи.
“Орусияда биздин мигранттар квалификациясы төмөн жумуштарда иштеп жатат. Буга биздин билим берүү сапатынын начардыгы себеп болууда. Эгерде мектепте 10-11 жыл англис тили окутулса, жарандар Орусияда эмес, Европада иштешмек. Чөнтөгүнө бир топ пайда түшмөк. Ошондуктан өкмөт балдарга 1-класстан тартып англис тили сабагын окутууну киргизүү маселесин карап чыгышы кажет. Ал үчүн жогорку окуу жайлардан мугалимдерди даярдап чыгаруу зарыл”, - деди ал.
Аталган жыйында Кыргыз Республикасындагы миграциялык кырдаал талкууланып жатат.