SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Паракорчулукту кантип жойсо болот?" деген тема талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Билим берүү системинде паракорчулук кеңири таркаган. Мугалимдердин айлыгы аябай аз. Түрк лицейлеринде, эл аралык окуу жайларда бул көйгөй барбы? Ар бири өз ойлорун билдиргенде, жогоруда айтылган жерлерде паракорчулук эң аз экени айтылган. Себебин айтпасак да белгилүү, айлык акылары жогору, өздөрүнө жетет. Акча үй-бүлөнү багууга жетип турса, пара алып эмне кылат? Айлыктарды көбөйтүү керек".
"Паракорчулук, паракорчулук" дегенибиз менен жалгыз адам эч качан күрөшө албайт. Бул маселени жумурай журт массалык түрдө киришкенде гана жоюуга болот. Мисалы, Түштүк Кореяны алалы, ал мындан 20 жыл мурун бизге окшоп паракорчулукка белчесинен баткан өлкө болгон. Бирок азыр кандай мамлекет экени жалпыбызга маалым".
"Аны жоюу үчүн эң биринчи өзүбүздө ыйман болушу керек. Ыйманы бар адам бирөөнүн акысын жебейт, жедирбейт".
"Бул көйгөй бардык жерде бар дешет. Бирок Кыргыздагыдай эч жерде жок болсо керек, кайсы жумушка барба акчасыз бүтпөйт. Мыйзамды иштетишсе, мамлекеттик кызматта иштеген ар бир кызматкер соттолмок".
"Качан гана иштеген ишиӊдин маянасы жогору болгондо, бирок ошондо да толук кандуу токтоп калбайт. Себеби адам баласы дүнүйөгө тойбойт эмеспи. "Кедей байга жетем дейт, бай айга жетем дейт". Мен Орусияда кичине түзүгүрөөк болсо керек десем коррупциянын башаты ушул жерде экен".
"Ойлоп көрсөңөр паракорчулукка, башкача айтканда, "алмай-бермейге" өзүбүздүн эле жакын адамдарыбыз катышат. Мисалы, төрөт үйүнө же ооруканага барганда врачтарга акча берген кандай болот? Көпчүлүк учурда пара бермей адамдын жалкоолугунан же сабатсыздыгынан келип чыгат. Өзүбүз эле бир нерсеге оңой жетүү максатында ушул жолду колдонобуз. Эгер студент жакшы окуса, андан эч ким пара талап кыла албайт".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.