Бүгүн, 19-майда КСДП фракциясынын жыйынында Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Медетбек Айдаралиев Кыргыз Республикасы ЕАЭБге киргенден кийин мигранттарга көрсөтүлгөн жеңилдиктер жөнүндө айтып берди.
Ал Орусияда Кыргыз жарандары каттоосуз 30 күн жүрө алыша турганын белгиледи. Ошондой эле мурда жумушка орношордо орус тилинен сынак беришсе, азыр сынаксыз ишке кире турганын кошумчалады.
Кыргыз өлкөсүнүн жогорку окуу жайынын диплому Орусияда жарактуу болуп калганын, ал эми медициналык билими барлар аттестациядан өткөндөн кийин иштеп калышканын айтып өттү.
ЕАЭБге киргенден кийин кандай жеңилдиктер болгонун сураган депутат Рыскелди Момбеков Санкт-Петербургда болгон теракттан кийин мигранттарга бир топ кыйынчылыктар болуп жатканын билдирди.
Эске салсак, жыйында Кыргыз Республикасындагы миграциялык кырдаал каралып жатат.