Сузакта ууланган койлордун саны 130дан ашты

Сузак айыл өкмөтүнө караштуу Ат-Чабар айылында уулуу заттар көмүлгөн жерде оттоп жүрүп кырылган кой-козулар боюнча райондук комиссия түзүлдү. Учурда кырылган койлордун саны 133 болду. Жалпысынан жайытта 200дөй кой болгон. Айта кетсек, кечээ, 12-майда Жалал-Абад облусунун Сузак айыл өкмөтүнө караштуу Ат-Чабар айылында уулуу заттар көмүлгөн аймактан оттогон 122 кой ууланып өлгөн. Бул кырсыкка шектүүлөрдү табуу үчүн кылмыш иши козголду. Маалыматка караганда, Ат-Чабар айылында 1980-жылдары 170 тоннадай уулуу заттын калдыктары көмүлгөн. Бул жер атайын тосулбагандыктан, алюминий идиштерди (фляга) алуу максатында белгисиз жарандар тарабынан мурда казылган.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан