Вице-премьер-министр: "2017-жылы 106 миң Кыргыз жаранына Орусияга кирүүгө тыюу салынган"

2017-жылы 106 миң 29 Кыргыз жаранына Орусияга кирүүгө тыюу салынган. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда КСДП фракциясынын жыйынында вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова билдирди.

Анын айтымында, 2016-жылы 110 миң 224 Кыргыз жаранына Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салынган.

“2017-жылдын 1-кварталына карата Казакстанда жүргөн Кыргыз жарандарынын саны 30 миңди түзөт. Алматы шаарында 20 миңдей, Астана шаарында 8 миң адам. Ошондой эле Шымкент, Тараз, Кызыл-Орда шаарларында дагы биздин жарандар жашап, базарларда соода-сатык менен алектенишет. Казакстандын миграция полициясынын маалыматына ылайык, жашап туруу укугун алган Кыргыз жарандарынын саны 15 миң адам. Эки өлкөдөн тышкары биздин жарандар Корея, Бириккен Араб Эмираттары, Түркия мамлекеттеринде иштеп жүрүшөт”, - деди ал.

Жыйындын жүрүшүндө Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Медетбек Айдаралиев "2017-жылдын аягына чейин 43 миң Кыргыз жараны Орусиянын кара тизмесинен чыгарылат", - деп билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
wwwbaxa
2017-05-19 13:31:32
бир кварталда 100миң болсо 4кварталда 400миң кыргызды кара тизмеге киргизет экен да.ХХХ кантип чыгарганды ойлонбойсуңарбы.1жылда 400миң киргизсе,алар 40чыгарып койуп отурасыңар...
+3
Tyty1990
2017-05-19 14:36:54
Анын арасында мен да бармын. Чемпионатка карата тазалап жатса керек
+1
KGstan1981
2017-05-19 15:48:23
2017ж. Россияга 106мин Кыргыз жарандары кируугоо тыю салынса анда ошолорго жумуш оорун тапкыла.Уяты жок бийлик.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан