Энелер күнүнө карата президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 19-майда көп баланы өстүрүп чоңойткон энелер менен жолугушуп, аларга "Баатыр эне" наамдарын тапшырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Мамлекет башчы өз сөзүндө энелерди майрамы менен куттуктап өттү. "Дүйнөдө эненин сүйүүсүнө эч нерсе тең келе албайт. Элибизде аялзаты ар дайым сый-урматка арзып келген. Калк арасында "Бейиш эненин таманынын астында" деп айтылып келет. Муну биз аларды жоготкондо түшүнүп жатканыбыз өкүндүрөт. Менин жашоомдо дагы апам өзгөчө роль ойногон. Апам болбосо жасаган иштеримдин жүздөн бир бөлүгүн да аткара алмак эмесмин", - деди президент.
Алмазбек Атамбаев энелерге “Баатыр эне” наамын тапшыруу менен бирге белектерди жана акчалай сыйлыктарды берди.