Япон ханбийкеси сүйүү үчүн ханбийке наамынан баш тартууга даяр

Япон ханбийкеси Мако Акисино сүйүктүүсүнө турмушка чыкса, ханбийке наамынан ажыратылат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, император Акихитонун 25 жаштагы улуу небереси Мако университеттен таанышкан сүйлөшкөн жигити Кей Комурого жакында турмушка чыгууга даярданууда. Ал эми япондордун салтына ылайык жана мыйзам боюнча императордун үй-бүлөсүндөгү кыздар жөнөкөй адамга турмушка чыкса, титулунан ажыратылат. Бирок үлпөт тою императордук үрп-адаттардын негизинде өткөрүлөт.

"Кей Комуро юридикалык фирмалардын биринде кызматкер. Мако сүйгөнүнө турмушка чыкса, жөнөкөй үйдө жашап, императордук жөлөк пулдан баш тартып, салык төлөй баштайт. Ханбийкенин тандоосун ата-энеси да колдошту. Үлпөт тойдун так күнү Мако менен Кей никеге турууга антташканын Япониянын императору Акихитого расмий билдиришкен соӊ белгилүү болот", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Tansuluu09
2017-05-19 15:27:32
Жакшы)))))))
+2
Nurmatova.
2017-05-19 15:34:46
ханбийке боло бербейби((
-6
azatbek19995
2017-05-19 15:36:22
Кыргызбы эмне окшош экен
-2
ady-88
2017-05-19 15:38:37
Угушумча ушул жапон эли кыргыздан тараган деп коп угам. Анан дагы жапон мамлекети кыргыз олкосуно коп жардамдарды берет.
-3
Tyty1990
2017-05-19 15:38:42
Кыргызга окшош айрыкча айылдаш классташыма
+4
mikoo
2017-05-19 15:42:22
Красавица болсо керек десем зонкойгон бироого
+10
birtanem
2017-05-19 16:03:48
mikoo, сиз аны энеси караган козу менен карасаныз.... балким ошондо сулуу корунор..
+7
Nurmatova.
2017-05-19 16:11:11
suluu ele ekengo
+2
Targarien
2017-05-19 16:13:40
Мен болгондо титулумдан баш тартпайт элем
+1
arman00
2017-05-19 16:49:21
биздин ханбийкенин фотолоруна жетпейт бул
+11
Marianna77
2017-05-19 16:53:57
arman00,просто хаха гооо.ооо биздин ханбийке супер
+6
aiturgan9810
2017-05-19 17:09:43
arman00,Биздин ханбийкебиз ким эле?
-2
Tyty1990
2017-05-19 19:08:19
aiturgan9810,атасы байдын кызы
+5
sarento
2017-05-20 12:18:50
Комментарийлеринер эле хаха го.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан