Бишкекте эркин күрөш боюнча эл аралык мелдештин 1-күнү жыйынтыкталды

Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда СССРдин спорт чебери, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген машыктыруучусу, В.Т.Жапаралиевдин элесине арналган чоңдор арасында эркин күрөш боюнча эл аралык мелдеш бүгүн, 13-майда башталды. Аталган спорт түрүнүн федерациясынан билдиргендей, мелдешке Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын балбандары катышып жатат. Ал эми иш-чаранын 1-күнүнүн жыйынтыгы төмөнкүдөй болду: 55 килограммга чейинки салмакта Р.Асанов, 66 килограммга чейинки салмакта Р.Анапияев, 84 килограммга чейинки салмакта Т.Аскаров, 120 килограммга чейинки салмакта М.Марков жеңүүчү болуп табылышты. Айтылгандай, эртең 14-майда саат 10:00дө 3 салмак категориясындагы балбандар күрөшмөкчү. Ал эми таймаштын жеңүүчүлөрү эл аралык мелдешке катышууга уруксат алышат.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
MMA_1
2013-05-13 23:16:45
1-орунду алгандар Кыргызстандын балбандарыбы? же аралашпы?
0
shoma198003
2013-05-16 13:15:11
женучулор кайактын атуулу экенин тагыраак жазып койсонор болмок экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан