Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Кара-Үңкүр дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, Кызыл-Ай айылында турак жайларды каптап кетүү коркунучу жаралды. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жээктерди бекемдөөгө жергиликтүү тургундардан 26 адам, ӨКМнын 23 куткаруучусу жана атайын техникалар тартылган.
"Дарыянын деңгээли көтөрүлүп, Кызыл-Ай айылында 100гө чукул турак жайды, 10 гектар айыл чарба жерин жана жогорку чыңалуудагы электр мамысын, ошондой эле пахта заводун каптап кетүү коркунучу жаралды", - деп билдирди басма сөз кызматы.