Аксы районунун Кош-Дөбө айыл аймагындагы Чие айылына "чек арадагы өзгөчө айыл" макамы берилбей жатат. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда SUPER.KG порталына Кош-Дөбө айыл аймагынын башчысы Асан Тыныбеков билдирди.
"Кош-Дөбө айыл аймагындагы Торук, Атана, Чие айылы Өзбекстан менен 33 чакырым аралыкта чектешип турат. Анын ичинен 431 кожолуктан ашуун калкы бар Чие айылы 10 чакырым чектеш жайгашкан. Бул айылга "өзгөчө чек арадагы айыл" макамы берилбей калган. Бул тууралуу бир нече жолу тийиштүү кызматтагы жетекчилерге 2009-жылдан бери кат аркылуу кайрылуу жасап келебиз", - деп билдирди Тыныбеков.
Маалыматка ылайык, Өзбекстандын чек арага жакын жашаган эли жергиликтүү калктын ортосунда түрдүү пикир келишпестиктер орун алып, айрым учурларда талаада жайылып жүргөн малдар чек арадан өтүп кеткен учурлар катталган. Аталган аймакта чек ара зым тору тартылган эмес.