Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Шаршенбек Абдыкеримов 47 жашка толду. Ал 1970-жылы 19-майда Ат-Башы районуна караштуу Кара-Суу айылында туулган.
Ал 1993-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун 1993-жылы "Аус Балт" кыргыз-казак биргелешкен ишканасында баштаган. 1994-1995-жылдары Казакстандагы "ТОО Геом" арак заводунун маркетинг жана сатып өткөрүү бөлүмүнүн жетекчиси болуп иштеген. 1995-2001-жылдары "ТОО Геом" арак заводунун курулуш бөлүмүн жетектеген. 2001-2002-жылдары "А-вест" компаниясынын (Philip Morris компаниясынын расмий дистрибьютери) маркетинг жана сатып өткөрүү бөлүмүн башкарып турган. 2003-2005-жылдары "Арвин" ЖЧКсынын продукцияларды сатып өткөрүү боюнча ишканасын жетектеген.
Ал эми 2005-2008-жылдары "ОККО" АК башкармасынын төрагасы, 2008-2010-жылдары "Кыргыз агро азык-түлүк" корпорациясынын башкы директору болгон.
2011-жылдын июнунда "Республика" саясий партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.
Учурда улуттук олимпиадалык комитеттин төрагасы болуп эмгектенет.
19-майга карата жылнаама.