Баткен. ЖКнын депутаты Эгемберди Эрматовдун ордуна Карамат Орозова келди

13-майда өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Карамат Орозова Жогорку Кеңештин депутаты болуп катталып, мандат алды. Бул тууралуу Карамат айым өзү билдирди. 

 

“КСДП фракциясынын бир депутаты башка ишке которулгандыгына байланыштуу тизме боюнча  Жогорку Кеңештин депутаты деген күбөлүк жана төш белги алдым. Буюрса, эртең, 14-май күнү ант берүү менен өз ишимди баштайм. Учурда сүйүнүүнү деле билбей турам, себеби мага чоң жоопкерчилик жүктөлдү. Менин ак эмгегим менен элдин ишеничин актай аламбы деп ойлонуудамын”,- деп билдирди ал.

Айта кетсек, Карамат Орозова жакында КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы болуп дайындалган ЖКнын мурдагы депутаты Эгемберди Эрматовдун ордуна депутат болуп келди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан