Мындан 69 жыл мурун, 1948-жылдын 19-майында Быстровка-Рыбачье багытында поезд каттай баштаган. Бирок аталган каттам расмий түрдө 1950-жылы эксплуатацияга берилген. Поезд Чалдыбардан баштап көл кылаасына чейинки калк жашаган аймактарды байланыштырып, өлкө экономикасын көтөрүү багытында маанилүү роль ойногон.