Бишкек менен Чүйдүн айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт

Бүгүн, 14-майда саат 9:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаарындагы Исанов, Токтогул, Матыев, Үмөталиев, Сыдыков, Тайшетская, Красная, Ленская, Скандинав көчөлөрүндө жана Орто-Сай айылында электр жарыгы өчүрүлөт. Ушул эле убакытта Чүй облусунун Панфилов районундагы Кайыңды шаарына жана саат 12:00дөн 17:00гө чейин Кемин районундагы Орловка шаарчасынын айрым көчөлөрүнө электр жарыгын берүү чектелет. “Түндүк электр” ишканасынын басма сөз кызматы билдиргендей, жарыктын өчүрүлүшү “Парковая”, “Кайыңды” жана башка көмөк чордондорун оңдоо иштерине байланыштуу болмокчу.     

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан