Орусиялык ырчы Жанна Фрискенин дарылануусуна коротулбаган акчанын калган бөлүгүн "Русфонд" кайрымдуулук фондуна кайтарып берүүнү ырчынын жакындары Дмитрий Шепелевди жана анын ата-энесин милдеттендирди. Бул тууралуу орусиялык жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Кечээ, 19-майда Москва соту "Русфонддун" доо арызы боюнча Жанна Фрискенин туугандарына - атасы Владимир Фриске, апасы Ольга Копылова жана 4 жаштагы уулу Платондун мыйзамдуу өкүлү, атасы Дмитрий Шепелевге карата чечим чыгарды. Маалыматта сот фонддун ырчынын дарылануусуна коротулбаган акчанын калган бөлүгүн кайтарып берүү өтүнүчүн канааттандырган.
Белгилей кетсек, бул маселе боюнча териштирүүлөр 2 жылдан ашуун убакыттан бери уланууда. Фонд өкүлдөрү 4 миллион 12 рубль коротулганы жөнүндө маалым кат алышкан. Бирок калган акча кайда экени белгисиз.
"Русфонд" берген маалыматка ылайык, Жанна Фриске үчүн жалпы 69 миллион 267 миӊ 787 рубль чогултулган. Алгачкы бөлүгү - 32 619 851 рубль ырчынын суранычы менен 9 рак оорусунан жабыркаган 9 жаш балага которулган. Экинчи бөлүгү 11 636 146 рубль ырчынын дарылануусуна кетсе, калган 25 011 790 рубль Фрискенин банктагы жеке эсебине которулуп, бирок коротулуп жаткан каражаты тууралуу отчёт берип туруу милдеттендирилген.
Ырчы
Жанна Фриске көпкө созулган оорудан улам 40 жашында 2015-жылы 15-июнда
каза болгон.