Казакстандын Х.А.Яссави атындагы эл аралык университеттин инженерлери 200 долларлык электромобиль жасашты. Анын аккумуляторлору кадимки электр тогунан жана күндөн кубат алат. Бул тууралуу Gazetadaily басылмасы жазып чыккан.
Университеттин өкүлү Ферхат Сатырмычаи ушу жылдын аягында окуу жай алдында электр унааларды жасоочу завод ачыларын билдирген.
"Базарда мындай унаалар 1000 доллардан турат, биз анын конструкциясына болгону 200 доллар коротобуз", - деген өкүл.
Ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар мындай унааны бекер ала алышары жазылат маалыматта. Ал эми аны иштеп чыккандар унаанын ичи ар кандай вариантта жасалганын билдиришкен.
Унаа 2 орундуу, салмагы 300 килограмм.