АКШда президент Дональд Трампты колдогондордун саны эң төмөн көрсөткүчкө түштү. Бул тууралуу Рейтерс агенттиги кабарлайт.
Аталган агенттик Ipsos изилдөөчү борбор менен биргеликте калк арасында сурамжылоо жүргүзгөн. Социалдык иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча сурамжылоого катышкандардын 56 пайызы өлкө башчынын саясатын колдошпойт. Ал эми 38 пайызы колдосо, 6 пайызы так жооп кайтарышкан эмес.
Сурамжылоо 14-18-майларда жүргүзүлүп, 1971 адам катышкан. Сурамжылоонун авторлору Трамптын рейтингинин түшүшүн анын Федералдык иликтөө бюросунун директору Жеймс Комини 9-майда кызматтан кетиргени менен байланыштырышат. Жеймс Коми 2013-жылы жай мезгилинен бери бул кызматты аркалап келген.