Улуу Британиянын жана Түштүк Ирландиянын бөлүгү болгон Уэльс өлкөсүнүн жашоочусу дүйнөдөгү эӊ ачуу калемпирди өстүргөнүн "The Telegraph" басылмасы жазып чыкты.
Маалыматта 53 жаштагы Майк Смит (Mike Smith) түрдүү өсүмдүктөрдү жана жашылчаларды өстүрөрү айтылат. Ал өстүргөн "Ажыдаардын деми" деп аталган калемпирдин бул түрү башка калемпирлерге салыштырмалуу бир топ ачуу экени айтылууда.
Окумуштуулардын айтымында, анын бир даанасын жеген адам анафилактикалык шокко (дароо келип чыгуучу аллергиянын түрү, мында артериалдык кан басым төмөндөп, жашоого эң керектүү органдарды кан менен жабдуу начарлап, адамдын өмүрү коркунучка кептелет) кабылып, өлүм табышы мүмкүн.
Смит өзүнүн жетишкенин каттатуу үчүн "Гиннесстин рекорддор китебине" билдирүү жиберген.